Редакцияот 13.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2010-жылдын 13-сентябры ПЖ № 180

Ф.З.Жамашева жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 11-пунктунун, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Жамашева Феруза Зулумбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р. Отунбаева