Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 18-сентябры ПЖ № 191
Б.Э.Мамбетов жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын КМШ жана ЕврАзЭС иштери боюнча өкүлү Мамбетов Базарбай Эстебесовичке Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин иштери боюнча Улуттук координатордун, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешиндеги өкүлүнүн жана Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетинин мүчөсүнүн милдеттерин аткаруу тапшырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жана Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетинин Секретариатына ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн дайындоо жөнүндө билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |