Загрузка документа…
КР Президентинин
2011-жылдын 25-августундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 27-сентябры ПЖ № 205
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин оптималдаштыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган Жарлыктын 2-тиркемесинин 4-пунктунун экинчи, үчүнчү, төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2010-жылдын 1-октябрында № 90 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |