Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 28-сентябры ПЖ № 207
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги системасынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын дене тарбия жана спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн: төмөнкүлөр "Даңк" медалы менен сыйлансын:
Көбөнов Данияр Өмүрбекович | - Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, республиканын спортуна эмгек сиңирген чебер
|
Мамбетов Ратбек Шабданбекович | - Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча кадеттер курама командасынын улук машыктыруучусу, Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиялык резерв окуу жайынын машыктыруучу-окутуучусу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу |
төмөнкүлөргө «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы ыйгарылсын:
Кочкаров Бахадыр Закировичке | - Ош облусунун Футбол боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, Эл аралык футбол ассоциациясы федерациясынын ассистент рефериси
|
Ялома Петр Николаевичке | - Бишкек шаарынын Ленин райондук Адистештирилген олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу-окутуучусу |
төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Арпачиев Канатбек Макенович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорттук-массалык иштер бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу
|
Бекболотов Адылкан Керимкулович | - Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу, СССР спортунун чебери
|
Жогина Ильвира Алексеевна | - Ат спорту жана азыркы спорттун беш түрү боюнча республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директорунун окуу бөлүмү боюнча орун басары
|
Кожогелдиев Тынычбек Жолдошбекович
| - Жалал-Абад облусунун Аксы райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн начальниги
|
Кошалиев Меклис Бейшенович | - Футбол боюнча республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору, СССР спортунун чебери |
Крупняков Алексей Игоревич | - эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү, республиканын спортунун эмгек сиңирген чебери
|
Кулматов Кочкор Заирбекович | - Бишкек шаарынын Ленин райондук олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору, республиканын эмгек сиңирген машыктыруучусу
|
Масабиров Таалайбек Айтмаматович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын ардактуу президенти, СССРдин спорт чебери
|
Рысов Абакир | - Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин дене тарбия кафедрасынын башчысы, республиканын эмгек сиңирген машыктыруучусу
|
Фаустов Николай Викторович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин «Спорттук курулмаларды башкаруу жана спорттук камсыздоо» мамлекеттик ишканасынын Спорт ордосунун спорттук-машыктыруу зонасынын башчысы |
Шаршенов Абдразак Абдышевич | - Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу, республиканын эмгек сиңирген машыктыруучусу
|
Эргешов Кадырбек Кочкорович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин «Спорттук курулмаларды башкаруу жана спорттук камсыздоо» мамлекеттик ишканасынын башкы директору. |
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |