Загрузка документа…
КР Президентинин 2015-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 121 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 29-сентябры ПЖ № 212
Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө
(КР Президентинин 2011-жылдын 5-мартындагы ПЖ N 56, 3 июня 2013 года УП № 128 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын (коомдук бирикмелердин, ассоциациялардын, бирликтердин жана башкалардын) андан ары кеңейишинин, ченемдик бекитилишинин жана өз аракеттенүүсүнүн түрлөрүнүн практикага жайылтылышынын, ошондой эле чечимдерди кабыл алуунун жол-жоболорунун бүдөмүксүздүгүн камсыз кылуунун жана аларды коомчулуктун кызыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашыруунун максатында токтом кылам:
1. Бийликтин жана жарандык коомдун чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу процессинде өз ара аракеттенүүсүнүн узак мөөнөттүк туруктуу механизмдерин жайылтуу, ошондой эле жарандык демилгелерди ишке ашыруу үчүн шарттарды мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири деп эсептелинсин.
(КР Президентинин 3 июня 2013 года УП № 128 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Коомчулук менен макулдашылган өз аракеттенүү максатында мамлекеттик органдардын алдында алардын курамына жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, мамлекеттик органдардын иши менен аралашкан чөйрөлөрдөн эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн киргизүү менен коомдук байкоочу кеңештер (мындан ары - Кеңештер) түзүүлөрү белгиленсин.
3. Тиркелген Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештер жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
4. Алардын алдында Кеңештер түзүлүүчү төмөнкү мамлекеттик органдар тажрыйба катарында аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Жаштардын иштери боюнча министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.
5. Мамлекеттик органдардын алдындагы Кеңештердин курамы жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, эксперттик коомчулуктун сунуш кылынган өкүлдөрүнүн ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты тарабынан түзүлгөн коомдук байкоочу кеңештердин курамына талапкерлерди тандоо боюнча Комиссия тарабынан түзүлө тургандыгы белгиленсин.
(КР Президентинин 2011-жылдын 5-мартындагы ПЖ N 56 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппаратынын Жетекчиси бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктын 4-пунктунда саналып өткөн мамлекеттик органдардын алдында Кеңештерди түзүү боюнча ишти уюштурсун.
7. Ушул Жарлыктын 4-пунктунда саналып өткөн мамлекеттик органдар өз жоболоруна ушул Жарлыктан жана Жободон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2011-жылдын 1-июлуна чейин:
мамлекеттин жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн аныктоочу ченемдик укуктук актыларды тизмектеп текшерүүнү жана талдоону жүргүзсүн;
баардык мамлекеттик органдардын ишинин регламенттерине стратегиялык документтерди жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга, мамлекеттик чечимдерди экспертизадан өткөрүүгө, ошондой эле аларды ишке ашыруунун мониторингине жана аларга баа берүүгө жарандык коомдун өкүлдөрүн милдеттүү тартуунун механизмдерин киргизсин;
баардык мамлекеттик органдардын өлкөнүн жарандарынын алдында үзгүлтүксүз отчет берүүсүнүн, ошондой эле өздөрү жүргүзүп жаткан жана пландаштырган иш жөнүндө калкка өз убагында маалымдоонун шаймандары менен түрлөрүн иштеп чыксын жана жайылтсын;
алардын ишине көз карандысыз жана калыс баа берүү үчүн мамлекеттик органдардын ишинин натыйжаларына карата "калктын ишеним индексин" милдеттүү ченөөнүн усулун иштеп чыксын;
(КР Президентинин 3 июня 2013 года УП № 128 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
(Жетинчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 5-мартындагы ПЖ N 56 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(Сегизинчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 5-мартындагы ПЖ N 56 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2011-жылдын 5-мартындагы ПЖ N 56 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8-1. Мамлекеттик органдардын алдындагы Кеңештер өткөн жыл үчүн иштин натыйжалары жөнүндө өз отчетторун жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бере тургандыгы белгиленсин, алар мамлекеттин жарандык коом менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук докладга киргизилет.
Мамлекеттин жарандык коом менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук докладдын бетачары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын көмөк көрсөтүүсү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты өткөргөн конференцияда болот.
(КР Президентинин 2011-жылдын 5-мартындагы ПЖ N 56 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Башка мамлекеттик органдарда, ошондой эле тышкы саясат, коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин жетектөөчү жана укук коргоо милдеттерин аткаруучу мамлекеттик органдарда ушул Жарлыктын жоболору алардын ишинин уюштуруунун өзүнө тиешелүү айырмасын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонулаары аныкталсын.
10. (КР Президентинин 2013-жылдын 3-июнундагы ПЖ N 128 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
11. Ушул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
12. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2010-жылдын 1-октябрында N 90 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |