Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 5-октябры ПЖ № 225
Улуттук компьютердик гимназияга профессор Айдаркан
Молдокуловдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чыгаан окумуштуу жана көрүнүктүү коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Айдаркан Молдокуловдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Улуттук компьютердик гимназияга профессор Айдаркан Молдокуловдун ысымы ыйгарылсын жана мындан ары "Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназия" деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жогоруда аталган окуу жайына профессор А.Молдокуловдун ысымын ыйгаруу менен байланышкан уюштуруу маселелерин чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |