КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 12-октябры ПЖ № 241
А.А.Токбаева жөнүндө
2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 107 Декретине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Токбаева Айнаш Абдыманаповна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейинки мөөнөткө Ош облусунун Райондор аралык сотунун төрагасы болуп дайындалсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |