Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 27-октябры ПЖ № 265
Д.Садырбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын берүү жөнүндө (өлгөндөн кийин)
Кыргыз элинин рухий маданиятына кошкон көрүнүктүү салымы, чыгармачылык жана коомдук ишиндеги жогорку жарандык позициясы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери Садырбаев Дооронбекке (өлгөндөн кийин) "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы "Ак шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |