КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү1998-жылдын 7-декабры № 802 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Ысык-Көл областынын 1999-2000-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жөнүндө Ысык-Көл областын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү пробле-масын чечүүнүн, анын потенциалын толук пайдалануунун, экономиканыөнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоонун, рыноктук кайра түзүүпроцессинде бекем старттык шарт түзүүнүн зарылдыгына байланыштуу, ошон-дой эле туруктуу жана ырааттуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетишүү,калктын жашоо дењгээлин жогорулатуу жана Ысык-Көл областынын айрым ра-йондорунун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн тењештирүү максаттарында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Ысык-Көл областын 1999-2000-жылдарга социалдык-экономикалыкөнүктүрүүнүн тиркелген программасы жактырылсын. 2. Ушул токтом менен жактырылган Программаны ишке ашыруу боюнчаиш-чаралардын тиркелген планы бекитилсин. 3. Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясы, министрликтер,мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик кон-церндер, акционердик компаниялар, корпорациялар, коомдор, бирикмелер: - Ысык-Көл областын 1999-2000-жылдарга социалдык-экономикалыкөнүктүрүүнүн программасын аткаруу боюнча чараларды көрсүн; - Ысык-Көл областын 1999-2000-жылдарга социалдык-экономикалыкөнүктүрүүнүн программасын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруунунжүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө квартал сайын маалыматберип турушсун. 4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республика-сынын Вице-премьер-министри Б.И.Силаевге жүктөлсүн. Премьер-министри К.Жумалиев