Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 23-ноябры ПЖ № 291
Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесиптик мамлекеттик кызматтын уланмалуулугун, туруктуулугун жана көзкарандысыздыгын камсыз кылуу, мамлекеттик кызматты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын сот органдарындагы мамлекеттик кызматчылардын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду түзүлсүн;
2. Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү ушул мамлекеттик орган үчүн белгиленген штаттык сандын чегинде, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директорунун орун басарынын кызмат ордунун эсебинен жүргүзүлсүн;
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин статс-катчысынын ваканттык кызмат ордуна конкурстук тандоону белгиленген тартипте уюштурсун.
4. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Сот департаменти өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтиришсин.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |