Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 8-декабры ПЖ № 300
"Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"КG" улуттук домен аталышын башкаруу боюнча функцияларды өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 15-январындагы № 5 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "жана Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу "КG" домендик аймагын башкаруу борборун" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын жобосунда:
1-пункттагы ", ошондой эле "КG" домендик аймагын башкарууну ишке ашыруучу" деген сөздөр алып салынсын;
8-пункттун он биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
9-пунктта:
жыйырманчы абзацтагы "жамааттык негизде чектеш укук ээлеринин мүлктүк укуктарын башкарууну" деген сөздөр "ойлоп табуучулардын ишин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
отуз бешинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
11-пункттагы жыйырма биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жактарды түзүү жана алардын ишине катышуу;";
16-пункттун үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасында "КG" улуттук домендик аймагын башкаруу борбору" позициясы алып салынсын.
2. "Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 192 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу "КG" домендик аймагын башкаруу борбору" мамлекеттик мекемесин мыйзамда белгиленген тартипте жойсун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 8-декабры ПЖ № 300
"Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
КР Президентинин
2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"КG" улуттук домен аталышын башкаруу боюнча функцияларды өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)