Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1998-жылдын 7-декабры N 804
Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 8-июнундагы N 319, 2002-жылдын 29-апрелиндеги N 255, 2002-жылдын 30-сентябрындагы N 665, 2016-жылдын 17-майындагы № 259, 2019-жылдын 18-июлундагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө", "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде улуттук жана дүйнөлүк маданий мурастын бир бөлүгү катары басма чыгармаларынын мамлекеттик улуттук архивин калыптандыруу, басылмалардын оперативдүү библиографиялык жана статистикалык эсебин жүргүзүү, информациялык ресурстардын системасын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Документтерди чыгаргандар тираждын биринчи партиясы жарык көргөн күнү басылмалардын бардык түрлөрүнүн милдеттүү акысыз нускаларын ишканалар менен мекемелерге таратышы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына N 1, 2 жана 3 тиркемеде аныкталган санга ылайык полиграфиялык ишканалар жана көбөйтүүчү техниканын участкалары аркылуу жеткирип турушу белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| К.Жумалиев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасынан басылмалардын милдеттүү акысыз нускасын алуучу мамлекеттик органдардын жана уюмдардын (мекемелердин) ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 259, 2019-жылдын 18-июлундагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Мамлекеттик органдардын жана уюмдардын (мекемелердин) аталышы | Басылманын түрү | Нусканын саны |
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты | Мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары | 1 нускадан |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты | Мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары | 1 нускадан |
3 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | Мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары | 1 нускадан |
4 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталган мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары | 1 нускадан |
5 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | Окуу китептери, окуу-методикалык адабияттар, мектеп программалары | 1 нускадан |
6 | Юстициянын аймактык бөлүмдөрү | Юстициянын аймактык бөлүмдөрүндө катталган мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары | 1 нускадан |
7 | Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы | а) Республикада чыгарылган бардык басылмалар, анын ичинде "Кызматтык пайдалануу үчүн" деген грифи бар аз сандагы басма продукцияларын, кызматтык материалдар менен басылмаларды кошпогондо мезгилдүү басылмалар; | 1 нускадан |
б) жарыяланбаган документтер, диссертациялар, коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча депонирленген илимий иштер; | 1 нускадан | ||
в) аудиовизуалдык продукциялар (грампластинкалар, лазердик дисктер, магниттик тасмадагы фонограммалар), позитивдик көчүрмөлөр түрүндөгү видеофильмдер; | 1 нускадан | ||
г) табигый, так илимдер жана техника боюнча депонирленген илимий иштер | 1 нускадан | ||
8 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана | а) Патенттик нускалар; | 2 нускадан |
б) мамлекеттик стандарттар; | 2 нускадан | ||
в) автордук жана аралаш укуктар боюнча документтер | 1 нускадан | ||
9 | Адистештирилген интернаттын китепканасы | Азиздер үчүн атайын нускалар, алардын ичинде "сүйлөөчү китептер" | 2 нускадан |
10 | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасы | а) Жарыяланбаган документтер; | 1 нускадан |
б) билимдердин бардык тармактары боюнча диссертациялар (медицина жана фармацевтикадан сырткары) | 1 нускадан | ||
11 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги | а) Расмий документтер (тарыхый мүнөздөгү жашыруун, жеке жана жашыруун эмес); | 1 нускадан |
б) аудиовизуалдык продукция (кино, фото, видео жана фонодокументациялары алардын көчүрмөсүн алган күндөгү позитивдик көчүрмөлөр түрүндө); | 1 нускадан | ||
в) мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары | 1 нускадан | ||
12 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти | а) Оюн-зооктук, мультипликациялык, документалдык, илимий-популярдуу фильмдер монтаж же дубляж жасалып бүткөн күндөгү позитивдик көчүрмөлөр түрүндө; | 1 нускадан |
б) аудиовизуалдык продукция | 1 нускадан | ||
13 | Республикалык илимий-медициналык китепкана | Медицина жана фармацевтика боюнча диссертациялар | 1 нускадан |
14 | Республикалык илимий-айыл чарба китепканасы | Айыл чарбасы боюнча диссертациялар | 1 нускадан |
15 | К.Баялинов атындагы республикалык жаштар жана балдар китепканасы | Республикада чыккан бардык басылмалар, анын ичинде "Кызматтык пайдалануу үчүн" деген грифи бар аз сандагы басма продукцияларын жана кызматтык материалдар менен басылмаларды кошпогондо мезгилдүү басылмалар | 1 нускадан |
16 | Облустук, шаардык, райондук китепканалар | Облуста, шаарда, райондо чыгарылган басылмалардын бардык түрлөрү | 2 нускадан |
17 | Азиздер жана дүлөйлөр үчүн республикалык адистештирилген китепкана | Республикалык мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары | 1 нускадан |
18 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин Республикалык илимий-методикалык борборунун китепканасы | Республикалык мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары, окуу-методикалык адабияттар | 1 нускадан |
19 | "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин китепканасы | Республикалык мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары, окуу-методикалык адабияттар | 1 нускадан |
20 | Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепканалар системасы | Республикалык мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары, окуу-методикалык адабияттар | 1 нускадан |
21 | Нарын мамлекеттик университетинин Илимий китепканасы | Окуу-методикалык адабияттар | 1 нускадан |
22 | Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви | а) Коомдук-саясий мүнөздөгү расмий документтер; | 1 нускадан |
б) саясий партиялардын басылмалары; | 1 нускадан | ||
в) коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын басылмалары | 1 нускадан |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы N 804 токтомуна N 2 тиркеме |
Таратуу үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына келип түшүүчү басылмалардын атайын нускаларынын САНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-сентябрындагы N 665, 2016-жылдын 17-майындагы № 259 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Басылманын түрлөрү | Нусканын саны |
Мамлекеттик жана расмий тилдериндеги китептер жана китепчелер, альбомдор, улантылып жаткан басылмалар, журналдар, географиялык карталар жана атластар | 20 |
Кыргыз Республикасындагы башка элдердин тилдериндеги жана чет тилдердеги китептер жана китепчелер, альбомдор, улантылып жаткан басылмалар, журналдар, географиялык карталар жана атластар | 10 |
Сүрөт басылмалары жана ноталык басылмалар | 14 |
Газеталар | 10 |
Тексттик баракча басылмалар | 5 |
Диссертациялардын авторефераттары | 20 |
Техникалык документтердин стандарттары | 5 |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси |
| К.Иманалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы N 804 токтомуна N 3 тиркеме |
Китепканалык-библиографиялык уюмдарга андан ары таркатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасынын басылмалардын акы төлөнүүчү милдеттүү нускаларын жеткирүүнүн ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-сентябрындагы N 665, 2016-жылдын 17-майындагы № 259 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Документти чыгаруучулар тираждын биринчи партиясынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына жеткирүүгө милдеттүү:
- мамлекеттик жана расмий тилинде жарык көргөн ар бир басылманын акы төлөнүүчү 50 нускасын;
- ар бир ноталык басылманын акы төлөнүүчү милдеттүү 5 нускасын;
- чет тилдеги ар бир басылманын акы төлөнүүчү милдеттүү 10 нускасын.
Басылмалар жарык көргөндөн баштап 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасына жеткирилет.
2. Мезгилдүү басылмалар, буклеттер, открыткалар, карталар жана пландар, плакаттар, портреттер, көрсөтмө окуу куралдары, календарлар, афишалар, этикеткалар, башка баракча түрүндөгү басылмалар, Кыргыз Республикасында жашаган элдердин тилдериндеги басылмалар, кызматтык документтер, катуу отчеттуулуктун документтери жана ошого тең келген материалдар, аскердик продукцияларга техникалык документация (формулярлар, колдонуу боюнча көрсөтмөлөр), бланкалар, отчеттук бланкаларды толтуруунун көрсөткүчтөрү (эсептик жана пландуу документациялардыкы), учеттук жана отчеттук документациялардын альбомдорунун формалары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы алып келинбейт.
3. Басылмалардын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы алуучу акы төлөнүүчү милдеттүү нускалары басмалардын жана чыгуучу мекемелердин жөнөтүү баалары боюнча төлөнөт. Акы төлөнүүчү милдеттүү нускаларды жеткирүү боюнча почталык жана транспорттук кызматтарды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы төлөйт. Ал эми китепканаларга жеткирүүнү китепканалар төлөйт.
4. Акы төлөнүүчү милдеттүү нускаларды алуучу китепканалардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргелешип түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси |
| К.Иманалиев |