Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 29-декабры ПЖ №377
И.Раззаковго (өлгөндөн кийин) "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө
Кыргызстан мамлекетинин жана элинин алдындагы өзгөчө сиңирген зор эмгеги үчүн, өз учурунда татыктуу бааланбай калгандыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ири мамлекеттик жана коомдук ишмер Раззаков Исхакка "Ак-Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылсын (өлгөндөн кийин).
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |