Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 29-декабры ПЖ № 378
2011-жылды - Курманжан Датка Жылы деп жарыялоо жөнүндө
Тарыхый инсан Курманжан Датканын кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоого жана чыңдоого кошкон эң көрүнүктүү салымын жана Россия жана Борбордук Азия районунун мамлекеттери менен достук мамилени орнотуудагы анын тарыхый ролун эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын маданий мурастарын сактоо, байытуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2011-жыл - Курманжан Датка Жылы деп жарыялансын.
2. (К Р Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 53 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |