Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 29-декабры ПЖ № 385
Е. Ваккерди, К. Ч. Жанузаковду, А. З. Джабраиловду, А. А. Касеновду мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн сыйлансын:
«Даңк» медалы менен:
Ваккер Евгений | - Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоо Борборунун велоспорт боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү; |
«Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам берилсин:
Жанузаков Канат Чыныбаевичке | - Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин директору; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Джабраилов Аднан Зайндиевич | - Тоодон лыжа тебүү спорту, теннис жана спорттун күч колдонуу түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдин балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору; |
Касенов Алмазбек Апышевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору. |
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |