Загрузка документа…
КР 2014-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1996-жылдын 15-марты N 2
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы Эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
I. "Кыргыз Республикасындагы Эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-ж., N 3, 90-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын 1-статьясынын экинчи бөлүгү жана тиешелүү түрдө 2, 3, 4-статьялары алынып салынсын.
2. 2-статья төмөндөгүдөй редакияда баяндалсын:
"2-статья. Эркин экономикалык зоналарды түзүүнүн шарттары
Эркин экономикалык зона деп бөлүнгөн аймак жана аны ылайыкташтыруу ушул мыйзамга жана эркин экономикалык зоналар жөнүндө жобого ылайык камсыз кылынат.
Эркин экономикалык зонанын чектери Кыргыз Республикасынын бажылык чек арасынын курамдык бөлүгү болуп, анын аймагы Кыргыз Республикасынын бажылык аймагынан тышкары жайгашат.
3. 5-статьянын экинчи бөлүгү "мыйзамдары" деген сөздөн кийин "жана Эркин экономикалык зоналар жөнүндө жобо" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 6-статьяда:
биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эркин экономикалык зоналарда өзгөчө бажылык режим колдонулат, ага эркин экономикалык зоналарда өндүрүлгөн товарларды алып чыгууга жана эркин экономикалык зоналарга товарларды алып келүүгө же реэкспорт үчүн арналган товарларга бажылык жыйымдарды алып салуу, ошондой эле товарларды чек ара аркылуу тоскоолдуксуз алып өтүү, экспортко жана импортко тарифтик эмес чектөөлөрдү жокко алып салуу кирет".
экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул режимди камсыз кылуу үчүн эркин экономикалык зоналардын Башкы дирекциялары эркин экономикалык зоналардын Башкы дирекциялары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргелешип, бул зоналардагы бажы кызматтарынын жана укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүн түзөт".
5. 8-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Эркин экономикалык зоналардагы чарбалык жана тышкы экономикалык иштер жагындагы жеңилдиктер
Чарбалык жана тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучулары (белгиленген тартипте катталган адамдар жана юридикалык жактар) эркин экономикалык зонада иштеген мезгилде салыктардын, пошлиналардын жана
жыйымдардын бардык түрлөрүнөн бошотулат;
Эркин экономикалык зонада чыгарылган продукцияны экспорттоо квота жана лицензия алуудан бошотулат.
Чарбалык жана тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучулары (белгиленген тартипте катталган адамдар жана юридикалык жактар) жыл сайын эркин экономикалык зонанын (ЭЭЗдин) башкы дирекциясына салык боюнча жеңилдик бергендиги үчүн өзүнүн товар сатып өткөрүүдөн жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражатынын 0,1 процентинен 2 процентинен 2 процентине чейинки өлчөмдө акы төлөйт.
Берилген жеңилдик үчүн төлөнүүчү акыны эсептөө жана алуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
Эркин экономикалык зонанын субъектилери ушул зонада иш-аракет жүргүзүү процессинде алган жана Кыргыз Республикасынын башка аймактарындагы өндүрүштүк чөйрөгө жумшала турган пайдасынан жана кирешесинен салык алууда ушул Мыйзамда каралган жеңилдиктер сакталат".
6. 9-статья төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"ЭЭЗдин субъекттеринин иши менен байланышкан маселелер, эркин экономикалык зонага кирүү уруксаты, уруксат кагаздарын толтуруу, бул зонага келүүгө жана иштөөгө уруксат алуу, ошондой эле ЭЭЗдин иши менен байланышкан башка маселелер ЭЭЗдин Башкы дирекциясы тарабынан жөнгө салынат".
7. 11-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй сөздөр менен толукталсын:
"бул үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ЭЭЗдин башкы дирекциясы тарабынан жөнгө салынат".
8. 12-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Эркин экономикалык зоналарда жеңилдиктердин колдонулуу мөөнөтү
ЭЭЗдин субъектилери үчүн эркин экономикалык зонанын аймагында салык алуу жеңилдигин берүү жана бажы режими алар зонада иштеген бардык мезгилге жайылтылат.
ЭЭЗдин субъектилери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык инспекциясына жылдык бухгалтердик отчет-баланс гана тапшырат.
ЭЭЗдин субъектилеринин финансылык-чарбалык ишин жана алардан салык алуу маселелери боюнча ар кандай текшерүүлөр ЭЭЗдин Башкы дирекциясына билдирүү менен жана жылына бир жолудан ашык эмес жүргүзүлөт".
9. 13-статьяда:
аталышында "түзүү" деген сөздөн кийин "жана жоюу" деген сөздөр менен толукталсын;
биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эркин экономикалык зона жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча түзүлөт жана жоюлат"; төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"ЭЭЗдин Башкы дирекциясы юридикалык жак катары эркин экономикалык зонанын субъектиси болуп эсептелет".
10. 14-статьянын үчүнчү бөлүгү алынып салынсын.
11. 15-статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Башкы дирекция тарабынан катталган субъектилер Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк инвестициялар жана жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик комиссиясында (Мамкоминвест) катталбайт, мында ЭЭЗдин Башкы дирекциясы алардын катталгандыгы туурасында Кыргыз Республикасынын Мамкоминвестине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине билдирүүгө милдеттүү".
II. Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А.Акаев