КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 31-январы ПЖ №24
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 11-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Президентинин квотасы боюнча Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайынын делегаттарынын курамы жөнүндө" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |