Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 10-февралы ПЖ №31
Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык округунун кеңешинин, Алай районундагы Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл айылдык округдарынын кеңештеринин, Кара-Суу районундагы Сары-Колот, Отуз-Адыр айылдык округдарынын кеңештеринин, Ноокат районундагы Н.Исанов, Көк-Бел айылдык округдарынын кеңештеринин, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай, Актатыр айылдык округдарынын кеңештеринин, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык округдарынын кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнүн аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 80-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык округунун кеңешинин, Алай районундагы Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл айылдык округдарынын кеңештеринин, Кара-Суу районундагы Сары-Колот, Отуз-Адыр айылдык округдарынын кеңештеринин, Ноокат районундагы Н.Исанов, Көк-Бел айылдык округдарынын кеңештеринин, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай, Актатыр айылдык округдарынын кеңештеринин, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык округдарынын кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2011-жылдын 17-апрелине дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансы каражаттарын бөлсүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун, Баткен облусунун Баткен районунун, Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |