Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 20-апрели ПЖ № 94
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 8-апрелиндеги № 129 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарынын жети жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2011-жылдын 8-апрелинен баштап токтотулсун:
- Баткен облустук сотунун судьясы Абдилатов Акимдин;
- Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Аданбаев Максут Аданбаевичтин;
- Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары Джумашов Кабылбек Огонбаевичтин;
- Чүй облусунун Чүй райондук сотунун төрагасы Джунушалиев Залкарбек Сулайманкуловичтин;
- Ош шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Ош шаардык сотунун судьясы Бекчанова Кымбат Айнакуловнанын;
- Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары Ибраимов Молдозак Исмаиловичтин;
- Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Иманкулов Эркин Тургуновичтин;
- Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Баткен облустук сотунун судьясы Карабаев Сооронбай Уркунбаевичтин;
- Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясы Калилов Аязбек Эсентаевичтин;
- Чүй облусунун райондор аралык сотунун төрагасы Курманов Ашырбек Такишовичтин;
- Ош облустук сотунун судьясы Маматалиев Калдар Саттаровичтин;
- Чүй облустук сотунун судьясы Орокбаев Калмураттын;
- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы Таштанбеков Сагынбек Рысбековичтин;
- Чүй облусунун Чүй райондук сотунун судьясы Тойгонбаев Асанбек Рафиковичтин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-февралындагы № 87 Жарлыгы менен кызмат ордунан четтетилген Бишкек шаардык сотунун судьясы Токсобаева Анаркуль Калыковнанын;
- Чүй облустук сотунун судьясы Туйбаев Курманбек Арзыкуловичтин;
- Талас облусунун райондор аралык сотунун төрагасы Султанбеков Кеңешбектин;
- Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун төрагасы Чокоев Медетбек Шалпыковичтин.
2. Ушул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |