КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 20-апрели ПЖ № 90
А.А.Сманалиева жөнүндө
2010-жылы 27-июнда референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Сманалиева Айтуган Ахмеджановна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун төрайымы болуп дайындалсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |