Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 20-апрели ПЖ № 98
Ж.Д.Бекназаров жана С.Камбаралиев жөнүндө
2010-жылы 27-июнда референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституция Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалган мөөнөткө чейин төмөнкүлөр которулсун:
- Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасы Бекназаров Жаныбек Денисбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна;
- Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Камбаралиев Сатарали мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасынын кызмат ордуна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |