Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 21-апрели ПЖ № 99
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чыгармачылыктагы жана ойлоп табуудагы жетишкендиктери үчүн" ар жылдагы сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө
Чыгармачылык жана ойлоп табуу иши жагында өзгөчө сиңирген эмгеги жана жетишкендиктери үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чыгармачылыктагы жана ойлоп табуудагы жетишкендиктери үчүн" деген ар жылдагы сыйлыгын ыйгаруу боюнча Комиссиянын чечимин эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чыгармачылыктагы жана ойлоп табуудагы жетишкендиктери үчүн" ар жылдагы сыйлыгы ыйгарылсын жана 50000 (элүү миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгын тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чыгармачылыктагы жана ойлоп табуудагы жетишкендиктери үчүн" сыйлыгынын лауреаты" деген наам берилсин:
Ааматов Маркабайга - акын, публицист, котормочу;
Жумабеков Сабырбек Артисбековичке - медицина илимдеринин доктору, профессор.
2. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы караштырылган акчалай сыйлыкты лауреаттарга тапшыруу үчүн 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |