Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 29-апрели ПЖ № 106
Республиканын байланыш кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын коммуникация жана байланыш каражаттарын өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн:
"Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам берилсин:
Искаков Салават Турдуходжаевичке - "Ак-Тел" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти;
Копашов Абдылдага - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун Республикалык радиорелейлик магистралдар, теле көрсөтүү жана радио уктуруу өндүрүштүк бирикмесинин техникалык эксплуатациялоо бөлүмүнүн инженери;
Кубатов Медетбек Искаковичке - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фельдъегердик кызматынын начальниги;
Тодорова Надежда Ильиничнага - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" Мамлекеттик ишканасынын "Бишкек почтамты" филиалынын контроль жана маалыматтык технологиялар борборунун начальниги;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Ибраев Кеңешбек Сакишович - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун Ысык-Көл облустук филиалынын Тоң райондук байланыш бөлүмүнүн директору;
Касымбеков Сарбагыш - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" Мамлекеттик ишканасынын Нарын райондук филиалынын начальниги;
Карамурзаев Абдыгапар Алиевич - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун Жалал-Абад облустук филиалынын башкы директору;
Керимкулова Асийла Турдукуловна - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" Мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын "Успеновка" байланыш бөлүмүнүн начальниги;
Сабырканов Эгемкул Исраилович - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун Баткен облустук филиалынын башкы директору;
Токтогулов Мирбек Акматович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Атайын байланыш" Мамлекеттик ишканасынын директору;
Элеманов Шакир Зарлыкович - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун Ысык-Көл облустук филиалынын Балыкчы байланыш бөлүмүнүн директору.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |