Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 02-апрели № 66/1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиясынын корутундусун жана комиссиянын төрагасы К.Жумакуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүндө айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлеринин аукцион аркылуу баштапкы ижара акысы 1 200 (бир миң эки жүз) сом, түшүмдүүлүгү начар жерлердин ижара акысы 800 (сегиз жүз) сом өлчөмүндө, кайрак, таштак жерлеринин ижара акысы 400(төрт жүз) сомдон, ижара мөөнөтү 5 (беш) жылга чейин, ижарага берүүлүчү жерлер ижарачыга 2 (эки) гектарга чейин берилсин.
2. Социалдык багыттагы субъектиге 2 (эки) гектар жерден ашык берилбесин жана ижара алган жерлерден, эгерде пайда көрбөй турган болсо келишим бир тараптуу бузулары эскертилсин.
3. Ижарага жер алууга кайрылган айыл чарба багытындагы кооперативдердин социалдык пакеттери боюнча сунуштары каралсын, ижара мөөнөтү 5 (беш) жылга 20 гектардан ашпаган жер бөлүнүп берилсин, ишмердүүлүгү боюнча айылдык Кеңешке жыл аягында отчет берүүсү милдеттендирилсин.
4. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага алуучуларга кайра ижарага берүүгө тыюу салынсын, эгерде ижарага берилгени аныкталса ижарага берилген жери кайтарылып алынсын.
5. Жер тилкелерин мыйзам чегинде ижарага берүү жагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиясы менен биргиликте, Кара-Суу айыл өкмөтунун жер адиси М.Садыковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Жусупов |