Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 26-майы ПЖ № 125
Республиканын китепкана тармагынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын китепкана системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн:
"Даңк" медалы менен сыйлансын:
Чыныбаева Фарида Сүйүнбековна - Талас облустук А.Токтогулов атындагы китепкананын башкы методисти;
"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам берилсин:
Айсаракунова Жамиляга - Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын илимий-изилдөө иштер бөлүмүнүн башкы китепканачысы;
Кыргыз Республикасынын Ардактуу грамотасы менен сыйлансын:
Абдыкадырова Гүлнара - Ош шаарынын Борбордоштурулган китепкана Кубатовна системасынын директору;
Байдөлөтова Аписа Барыктабасовна - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай поселкасынын китепканасынын башчысы;
Жаилканова Мая Кадыракуновна - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин А.Табалдиев атындагы Илимий китепканасынын директору;
Карымшакова Орузган Мамбеталиевна - Ысык-Көл облустук Ленин атындагы китепкананын маалыматтык-библиографиялык бөлүмүнүн ашчысы
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |