Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
ЖАРЛЫГЫ
2011-жылдын 30-майы ПЖ № 127
Соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн четке кагуу тууралу
Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн карал чыгып, жасаган кылмыштарынын оордугун, мурдагы сотуулугун жана башка жагдайларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгунүн 4-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАМ:
төмөнкулөрдүн ырайым кылуу жөнүндө отүнүчтөрү четке кагылсын:
2004-жылы 14-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун өкүмү менен соттолгон, 1961-жылы 12-майда туулган Воробцова Татьяна Анатольевнанын;
2008-жылы 26-майда Талас райондук сотунун өкумү менен соттолгон, 1980-жылы 21-январында туулган Муратбаев Кубат Дилдебековичтин;
2004-жылы 1-декабрда Сузак райондук сотунун өкумү менен соттолгон 1976-жылы 1-сентябрда туулган Нишанова Сохибохан Ахматжановнанын;
2003-жылы 15-августа Жайыл райондук сотунун өкумү менен соттолгон 1971-жылы 19-ноябрда туулган Пак Александр Региновичтин;
2007-жылы 29-майда Чуй райондук сотунун өкумү менен соттолгон 1952-жылы 19-октябрда туулган Слугин Владимир Алексеевичтин;
2008-жылы 9-сентябрда Сокулук райондук сотунун өкумү менен соттолгон 1964-жылы 3-июнундагы туулган Толмачев Александр Анатольевичтин;
2009-жылы 28-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкумү менен соттолгон 1956-жылы 3-июлда туулган Усманов Кадыр Туратовичтин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
| Р. Отунбаева |