Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 1-июну ПЖ № 128
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө
Финансы-экономикалык чөйрөгө сиңирген эмгеги үчүн сыйлансын Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:
Абдрахманов Амантур Эсенбаевич
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ички аудит башкармасынын ички аудит бөлүмүнүн башкы инспектору;
|
Айдаралиева Расым Шаршекеевна
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Алжанбаев Ишенбек Сейдекеримович
| - Нарын облусунун Кочкор району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Дербишева Райкан Касымбековна
| - Мамлекеттик салык кызматынын ири салык төлөөчүлөргө контролдук боюнча башкармалыгынын финансылык маселелер боюнча секторунун башчысы;
|
Кушубеков Дүйшенбек Кушубекович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароо боюнча бөлүмдүн башкы инспектору;
|
Мадымарова Дилдекан Сапиевна
| - Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын финансылык иштер боюнча секторунун башчысы;
|
Мансуров Турсунбек Мансурович
| - Чүй облусунун Сокулук району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн начальниги;
|
Маташимов Абдыманап
| - Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча бөлүмдүн уюштуруу, усулдук жана салыктык каттоо секторунун башчысы;
|
Турганбаев Жылдызбек Абдыкадырович
| - Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын начальниги;
|
Ысманов Токтосун
| - Ош облусунун Ноокат району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын начальниги. |
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |