КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 14-июну ПЖ № 138
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жьшдьш 28-февралындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 411 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралу" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |