Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 18-июну ПЖ № 144
Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына класстык чендерди берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын төмөнкү кызматкерлерине класстык чендер берилсин:
"Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси"
Абдылдаев Молдакунга - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмдүн башчысы;
Муратов Абдиманнап Аттокуровичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы;
Шадыбеков Куванычбек Уратовичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн башчысы;
Галютин Александр Алексеевичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын документтик камсыз кылуу жана контроль бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Усупов Үсөн Макаевичке - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү;
Лоу Мухамед Исыровичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |