Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 22-июну № 148
Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин
кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын суу чарба тармагына сиңирген эмгеги үчүн:
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген
кызматкер" деген ардактуу наам берилсин:
Жамгырчиев Алманбет Жумаевичке - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин башкы адиси;
Сыдыков Качыбекке - Чүй суу чарба мамлекеттик бассейндик башкармасынын механизациялаштырылган отрядынын начальниги.
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу"
деген ардактуу наам берилсин:
Жусуматов Эсенге - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Таштаналиев Көкүмбек Жумагулович - Талас суу чарба бассейндик башкармарсынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |