Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 22-июну № 149
Г.А.Скрипкинага "Кыргыз Республикасынын эмгек
сиңирген юристи" деген ардактуу наам берүү жөнүндө
Мыйзам чыгаруудагы үзүрлүү иш-аракети, мыйзамдуулукту жана адамдын укуктарын бекемдөөдө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрайымы Скрипкина Галина Анатольевнага "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" деген ардактуу наам берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |