Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 22-июну ПЖ № 151
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин
мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Бөөдө кырсыктардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга жигердүү катышкандыгы үчүн:
"Эрдик" медалы менен сыйлансын:
Акпарали уулу Жусупбек - Борбордук куткаруу отрядынын 1-издөө-куткаруу отрядынын 2-издөө-куткаруу тобунун куткаруучусу;
Исабеков Алтынбек Абдукаримович - Борбордук куткаруу отрядынын мобилдүү-куткаруу отрядынын командиринин орун басары.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Белекбаев Урматбек - "Сельводзащита" башкармасынын начальниги;
Камчибеков Алмаз - жарандык коргонуунун ардагери;
Сапаралиев Сали Ниязмаматович - тоо-кендерде куткаруунун мобилдүү взводунун төртүнчү бөлүмүнүн медициналык пунктунун зардалы;
Сатаров Бакыт Жалилович - Жалал-Абад облустук механизациялаштырылган көчмө отрядынын башкы механиги;
Султанбеков Дүйшөмбек Жумадылович - Ысык-Көл облусу боюнча калкты коргоо жана аймакты башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Тажибаев Абдикаар Балтабаевич - Баткен облусу боюнча башкарманын оперативдүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Үсөнов Кубандык Осмонович - Талас механизациялаштырылган көчмө отрядынын айдоочу-кранчысы;
Юрченко Александр Викторович - "Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасынын механизатору.
Мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" деген ардактуу наам берилсин:
Касымалиев Мукамбет Шадыкановичке - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |