Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 22-июну ПЖ № 156
Республиканын саламаттыкты сактоо кызма ткерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын саламаттыкты сактоо тармагына сиңирген эмгеги үчүн:
«Эрдик» медалы менен сыйлансын:
Арзибаев Ысманбек | - Ош шаарынын медициналык тез жардам станциясынын санитардык машиналардын автогаражынын начальниги; |
«Даңк» медалы менен сыйлансын:
Батыров Махмуд Камилович | - Ош шаарындагы аймактык шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы; |
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам берилсин:
Ажибекова Рыскан Артыкбаевнага | - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн башчысы;
|
Акимова Валяга | - Ош облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору;
|
Алишерова Бүүниса Сабировнага | - Баткен облусундагы № 2 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси;
|
Байзакова Дамира Өмурзаковнага | - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун химиялык - жана нур менен дарылоо бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери;
|
Бобулов Акматалиге | - Ош облусунун Ноокат райондук стоматологиялык поликлиникасынын башкы врачы;
|
Габитова Светлана Ивановнага | - Чүй облусттук бириккен ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы;
|
Грук Тамара Иосифовнага | - Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясынын кыдыруучу кардиологиялык бригадасынын врачы;
|
Жолдошбаев Осмоналыга | - Чүй облусунун мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлүнүн Жайыл райондук борборунун башкы врачы;
|
Дюшеев Буранбек Жамгырчиевичке | - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын № 1 нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы;
|
Ибраева Жакий Апышевнага | - Ысык-Көл облусунун Түп райондук аймактык ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы;
|
Иманбаева Салтанат Сулаймановна | - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын № 1 көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы;
|
Исмаилова Гүлсүм Салыковнага | - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн неврология бөлүмүнүн башчысы;
|
Исмаилова Каныш Ибраевнага | - Нарын облусунун Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы;
|
Кашакбаева Рахимага | - Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын № 2 хирургия бөлүмүнүн башчысы;
|
Мамбетов Казымбек Бейшенбековичке | - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары;
|
Мамутова Светлана Калиевнага | - Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттыкты сактоо башкы башкармасынын шаардык эндокринологиялык диспансеринин башкы врачы;
|
Мукамбетөмүров Бектемирге | - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын № 2 нейротравма бөлүмүнүн башчысы;
|
Мурзалиева Жыпаш Музуровнага | - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык наркологиялык борборунун № 3 бөлүмүнүн башчысы;
|
Нуралиев Аманалы Жуманалиевичке | - Ош шаарынын № 1 үй-бүлөлүк медицина борборунун директору;
|
Нурдинов Маратка Жуманалиевичке | - Бишкек шаарынын № 6 стоматологиялык поликлиникасынын башкы врачынын дарылоо боюнча орун басары;
|
Осмонова Фарида Исаевнага | - Баткен облусунун Кадамжай районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун акушер-гинекологу;
|
Осмонов Талгат Абдуллаевичке | - Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин медициналык факультетинин жалпы жана факультеттик хирургия кафедрасынын башчысы;
|
Такырбашева Айтбүбүгө | - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун врач акушери;
|
Үмөталиев Юсупжан Калжигитовичке | - И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жалпы хирургия курсу менен госпиталдык хирургия кафедрасынын доценти;
|
Үсөнов Жуманазарга | - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылынын үй-бүлөлүк медицина борборунун врачы;
|
Усупбаев Акылбек Чолпонкуловичке | - И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын урология жана андрология кафедрасынын башчысы; |
«Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам берилсин:
Жакипова Роза Сейталиевнага | - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу башкармасынын дарылоо-алдын алуу жардам бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Жунушова Докдурбүбүгө | - Чүй облусунун Жайыл районундагы Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун № 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун Ак-Башат фельдшердик-акушердик пунктунун башчысы;
|
Каратаев Төлөнге | - Ош облусунун Араван районундагы «Чарбак» санаторий-профилакторийинин башкы врачы;
|
Невараев Атабек Усмановичке | - Баткен облусунун Баткен районундагы Сай айылынын фельдшери;
|
Нышанов Тургуналы Матиевичке | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун Жалал-Абад аймактык башкармасынын директору;
|
Солпиева Берметке | - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл Департаментинин санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жана кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн врач дезинфекционисти;
|
Шинкаренко Лидия Васильевнага | - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу энеликти жана балалыкты коргоо Улуттук борборунун башкы ме- дициналык айымы; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Айдаралиев Кубанычбек Рысбекович | - Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттыкты сактоо Департаментинин кургак учукка каршы шаардык ооруканасынын башкы врачы;
|
Акунова Салтанат Бейшекеевна | - Ысык-Көл облустук «Адамды репродукциялоо» борборунун башкы врачы;
|
Алымкулова Роза Бекболотовна | - Чүй облусунун Жайыл бириккен аймактык ооруканасынын директорунун дарылоо бөлүмү боюнча орун басары;
|
Амираев Пайзилла Амираевич | - Талас облусунун Манас райондук жалпы врачтык практика борборунун врач психиатр-наркологу;
|
Атбаев Муратбек | - Нарын облустук бириккен ооруканасынын директору;
|
Бакирова Айнаш Убайдуллаевна | - Ош облусунун Кара-Суу райондук үй бүлөлүк медицина борборунун диагностика бөлүмүнүн врач эндокринологу;
|
Борисова Татьяна Викторовна | - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык наркология борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары;
|
Дүйшеева Клара Эсенгуловна | - Талас облусунун Талас районундагы Жон-Арык айылынын № 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси;
|
Дюшенбаев Шамил Шаршекович | - Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдеө борборунун балдар ортопедиясы бөлүмүнүн башчысы;
|
Жамгырчиева Абаткан Карыповна | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинин диспансердик бөлүмүнүн участкалык врач-терапевти;
|
Ибрагимов Раимберди Нарынбаевич | - Талас облустук кургак учукка каршы борборунун директору;
|
Кадыров Абдуллаат Саматович | - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу фтизиатрия Улуттук борборунун башкы врачы;
|
Кошоева Жүрсүн Азымбековна | - Чүй облусунун Токмок аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы;
|
Кыдыкманов Шамбет Сагындыкович | - Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын анестезиолог реаниматолог врачы;
|
Кыдыралиев Кеңеш Кыдыралиевич | - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун хирург-онкологу;
|
Маатказыев Эргеш | - Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-хирургу;
|
Маматова Гүлайым Асанкановна | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Аскердик-врачтык комиссиясынын эксперт врач-терапевти;
|
Мамбетов Сураналы | - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психикалык ден соолук борборунун № 4 бөлүмүнүн башчысы;
|
Мамыров Жолдошбек Тобокелович | - Бишкек шаарындагы № 6 клиникалык шаардык оорукананын неврология бөлүмүнүн башчысы;
|
Мусаев Жоомарт Салимжанович | - Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын балдардын травматологиясы жана ортопедиясы бөлүмүнүн башчысы;
|
Мүсүралиев Макенжан Субанович | - И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын акушерство жана гинекология кафедрасынын башчысы;
|
Ормонбеков Акылбек Жакшыбаевич | - Жалал-Абад облусунун кургак учукка каршы Жалал-Абад шаардык диспансеринин башкы врачы;
|
Ризаева Рахбар Рассуловна | - Бишкек шаарынын кургак учукка каршы № 2 шаардык балдар ооруканасынын башкы врачы;
|
Сакеева Нурийла Жунусовна | - Жалал-Абад облусунун Аксы райондук аймактык ооруканасынын акушер-гинекологу;
|
Сатиев Советбек Сыдыкович | - Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы;
|
Саткеева Айтбүбү Жантайбековна | - Чүй облусунун Сокулук райондук аймактык ооруканасынын гинекология бөлүмүнүн башчысы;
|
Сулайманов Шайирбек Алибаевич | - Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директору;
|
Таджибаева Есенкүл Ойшевна | - Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар участкалык ооруканасынын директору;
|
Тулегабылова Нургүл Мукашевна | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Дарылоо ден- соолукту чыңдоо бирикмесинин диагностика бөлүмүнүн башчысы;
|
Шайназаров Өмүрзак | - Ош облусунун Алай райондук аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн врач педиатр-реаниматологу;
|
Шамырканова Бакытбүбү Мусилиновна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун медициналык камсыздандыруу программаларын жүзөгө ашыруу Башкармасынын башкы адиси. |
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |