Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 23-июну ПЖ №158
Илим жана техника жагында 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө
Илим жана техника жагындагы жетишкендиктери үчүн, ошондой эле илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча Комитеттин чечимин көңүлгө алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылсын жана «Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам берилсин:
1) «Омуртка тутумунун көкүрөк-бел бөлүмүнүн сыныктарын, анын кесепеттерин жана дегенератикалык жабыркоолорун хирургиялык жол менен дарылоо» эмгеги учүн:
Абакиров Медет Артасбекович
| - И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын травматология жана ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын ассистенти, медицина илимдеринин кандидаты;
|
Жумабеков Сабырбек Артисбековичке
| - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору;
|
Сабыралиев Марат Күмөновичке
| - Бишкек мэриясына караштуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун омуртка патологиясы бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты;
|
Сулайманов Жаныш Даировичке
| - Бишкек мэриясына караштуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорунун милдетин аткаруучу, медицина илимдеринин кандидаты;
|
Үсөнов Асан Сейдахметовичке
| - И.К.Ахунбаев атындагы Кыргаз мамлекеттик медициналык академиясынын травматология жана ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты; |
2) «Кыргыз Республикасында мээсине кан куюлган ооруларга атайын жардамды оптималдаштыруу» эмгеги үчүн:
Мамытов Миталип Мамытовичке
| - И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын нейрохирургия кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору;
|
Мендибаев Кочкор Төлөновичке
| - Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунун неврология жана нейрохирургия кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты;
|
Мурзалиев Арстанбекке
| - И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык генетика курсу менен неврология кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору;
|
Токтомушев Чоробек Тукешовичке
| - Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунун неврология, нейрохирургия жана калыбына келтирип дарылоо кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты; |
3) «Атмосфералык озонду комплекстүү изилдөө үчүн Кыргызстанда иштелип чыккан аспаптар жана ыкмалар» эмгеги үчүн:
Орозалиев Мусапар Жумалиевичке
| - Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине караштуу Инновациялык кесиптер институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты;
|
Семенов Владимир Константиновичке
| - физика-математика илимдеринин кандидаты(көзү өткөндөн кийин);
|
Синяков Валерий Павловичке
| - «Ысык-Көл» станциясынын начальниги, физика-математика илимдеринин кандидаты;
|
Токтомышев Советбек Жайлообековичке
| - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атмосферага мониторинг жүргүзүү илим-изилдөө Борборунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору;
|
Толбаев Ленар Кадыркуловичке
| - Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине караштуу Инновациялык кесиптер институтунун директорунун орун басары, техника илимдеринин кандидаты; |
4) «Электр менен эритүү аркылуу базальт буласын жана анын негизиндеги буюмдардын технологиясы, жабдуулары жана өндүрүү» эмгеги үчүн:
Ормонбеков Тынымбекке
| - техника илимдеринин доктору (көзү өткөндөн кийин);
|
Абдыкалыков Акымбекке
| - Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору, техника илимдеринин доктору;
|
Айдаралиев Жанболот Качкынбаевичке
| - Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин физика кафедрасынын доценти, техника илимдеринин кандидаты;
|
Байсалов Эркин Абдыкадыровичк
| - «Вулкан» ЖЧКнын башкы директору, техника илимдеринин кандидаты;
|
Дубинин Юрий Николаевичке
| - «Вулкан» ЖЧКнын цехинин начальниги;
|
Дүйшөналиев Туратбек Болотбековичке
| - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, физика-математика илимдеринин доктору;
|
Иманбеков Сейитбек Төлөмүшевичке
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз сейсмикага туруктуу курулуш илим-изилдөө жана долбоорлоо институтунун директору, техника илимдеринин кандидаты;
|
Иманкулова Айым Сатаровнага
| - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин доктору;
|
Касымов Туратбек Мугалимовичке
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз сейсмикага туруктуу курулуш илим-изилдөө жана долбоорлоо институтунун башкармасынын начальниги, техника илимдеринин кандидаты;
|
Савченко Николай Мугалимовичке | - «Факел» ААКтын башкармасынын Афанасьевичке төрагасынын орун басары. |
2. «Ч.Айтматов: эстетика жана улуттук негиз», «Кыргыз адабияты: талдоолор жана ой жүгүртүүлөр» аттуу изилдөөлөр цикли үчүн Кыргыз-түрк «Манас» университетинин түркология бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору Үкүбаева Лайлиге К. Тыныстанов атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылсын жана «Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам берилсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |