Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 24-июну ПЖ № 160
Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына класстык чендерди берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын төмөнкү кызматкерлерине класстык чендер берилсин:
"Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси"
Табалдиев Бусурманкул Беркутовичке - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы;
"Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси"
Сабиров Шухрат Маматалиевичке - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары;
Асанканов Абылабекке - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Досалиева Бүбүкан Акматжановнага - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгынын жооптуу катчысы.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |