Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 8-июлу ПЖ № 168
Л.П.Нарымбаева, Ж.К.Калыбекова жана М.К.Бейшенова жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 4-бөлүгүнө, 28-беренесинин 5-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык жана Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин 2011-жылдын 25-июнундагы сунушуна негизденүү менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2011-жылдын 1-июлунан баштап:
- Нарымбаева Людмила Петровна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун жана Бишкек шаардык сотунун судьясы катары анын ыйгарым укуктары токтотулду деп эсептелсин;
- Калыбекова Жыпаркул Калыбековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун жана Бишкек шаардык сотунун судьясы катары анын ыйгарым укуктары токтотулду деп эсептелсин;
- Бейшенова Майя Каныбековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун жана Бишкек шаардык сотунун судьясы катары анын ыйгарым укуктары токтотулду деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |