Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 14-июлу ПЖ № 174
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 10-июлундагы N 229 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарынын жети жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулсун:
- Жалал-Абад облусунун Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун судьясы Айжигитов Арстанбай Абдрашитовичтин;
- Талас облустук сотунун судьясы Айтымбетов Мелис Жамадиловичтин;
- Жалал-Абад облусунун Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун төрагасы Алаев Мухамед Абдивалиевичтин;
- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Жаркеева Эльвира Сагыналиевнанын;
- Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары Каримова Рахат Абдылдаевнанын;
- Чүй облусунун Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун судьясы Качкыналиева Динара Шахтербековнанын;
- Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы Кожомкулов Рамазан Буркановичтин;
- Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы Козуев Абдраим Мирзааматовичтин;
- Талас облусунун Талас райондук сотунун судьясы Кулманбетов Түгөлбай Казырбековичтин;
- Бишкек шаарынын Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун судьясы Нурунбетов Жыргалбек Балтагуловичтин;
- Ысык-Көл облустук сотунун судьясы Рыскулова Аида Бекеновнанын;
- Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун төрагасы Султанов Кушчубай Култаевичтин;
- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы Сыдыков Аскат Шаршековичтин;
- Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун судьясы Турдукожоев Дөөлөтбек Тентимишовичтин;
- Талас облусунун Талас райондук сотунун төрагасы Узакбаева Жакшыгүл Аскарбековнанын;
- Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Шайзындаев Арстанбек Аскарбековичтин;
- Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Эркебаев Адилет Маматеминовичтин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |