Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 8-августу ПЖ № 183
Г.Т.Искакова жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы жана Лихтенштейн Княздыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Искакова Гүлнара Тентиевна Швейцария Конферациясынын Женева шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |