КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 13-августу ПЖ №192
С.С. Калканов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин үчүнчү бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы жана Талас облустук сотунун төрагасы Калканов Съездбек Сабыровичтин ыйгарым укуктары 2011-жылдын 15-июлунан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |