Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 28-августу ПЖ №209
Б. Жакиевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз элинин руханий маданиятына кошкон зор салымы, чыгармачылык жана коомдук иштеги жарандык жогорку позициясы үчүн Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Жакиев Бексултанга "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |