Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 28-августу ПЖ №210
М. Мамытовго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө
Республиканын саламаттыкты сактоосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, жигердүү коомдук иши үчүн И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дипломго чейин жана дипломдон кийин билим берүүсүнүн нейрохирургия кафедрасынын башчысы Мамытов Миталипке "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |