Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын августу №211
Республиканын ар кайсы тармактарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Балдарды жана жаштарды окутууга жана тарбиялоого, кыргыз элинин руханий маданиятын, республиканын көркөм сүрөт өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана көп жылдык үзүрлүү иши үчүн, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгынын урматына:
«Кыргыз Республикасынын эл мугалими» деген ардактуу наам берилсин:
Жайнаков Аманбекке | - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кен иштери жана кен технологиялары институтунун «Маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдөө» кафедрасынын башчысы;
|
Жанузаков Жаныш Борошовичке | - Талас облусунун Талас районундагы Ш.Жумагулов атындагы зээндүү балдар үчүн «Манас» жатак-лицейинин директору;
|
Кулуев Шабданбекке | - эмгек ардагери;
|
Мамбеткалиев Султанга | - Чүй университетинин президенти;
|
Зырянова Антонида Николаевна | - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Маевка айылындагы орто мектептин тарых мугалими; |
«Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» деген ардактуу наам берилсин:
Абакиров Мелиске | - жазуучу;
|
Акматов Казатка | - жазуучу;
|
Ашымбаев Калканбайга | - жазуучу;
|
Сактанов Көчкөн Мидиновичке | - жазуучу; |
«Кыргыз Республикасынын эл акыны» деген ардактуу наам берилсин:
Мамеев Төлөгөнгө | - акын;
|
Узакбаев Эргешбайга | - акын; |
«Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» деген ардактуу наам берилсин:
Давлетов Каныбек Ариповичке | - Кыргыз Республикасынын Т.Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясынын станоктук айкел кафедрасынын профессору;
|
Нургазиев Догдурбек Бакасовичке | - Кыргыз Республикасынын Т.Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясынын станоктук сүрөт тартуу кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу;
|
Сырнев Виктор Александровичке | - сүрөтчү; |
«Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардактуу наам берилсин:
Алагушов Балбайга | - музыка таануучу;
|
Асакеев Асанбекке | - М.Абдраев атындагы республикалык музыкалык атайын орто жатак-мектебинин профессору;
|
Бообекова Турганбүбүгө | - Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
|
Уразгильдеев Роберт Хасановичке | - Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекет гак көркөм өнөр институтунун илимий иштер боюнча проректору;
|
Шаршенбаев Мелиске | - Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин консерваториясынын актердук чеберчилик бөлүмүнүн башчысы;
|
Эшбаев Токтомаматка | - Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын артисти. |
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |