Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 28-августы ПЖ № 213
Республиканын дене тарбия жана спорт кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын дене тарбия жана спорт тармагына сиңирген эмгеги үчүн:
«Эмгек ардагери» медалы менен сыйлансын:
Кыдралиева Светлана Есеналиевна | - олипиадалык резервдин Ш.Сыдыков атындагы Республикалык окуу жайынын орус тил жана адабият мугалими; |
«Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам берилсин:
Лецкий Владимир Ивановнчке
| - «Кесиптик бирликтердин ыктыярдуу дене тарбия – спорттук коомдорунун Кыргыз республикалык кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы;
|
Махмудов Хакимге
| - Бишкек шаарындагы олипиадалык резервдин Р.Санатбаев атындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин грек-рим күрөшү боюнча улук машыктыруучу-окутуучусу; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Абасов Төлөгөн
| - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы М.Сыдыков атындагы № 17 орто мектептин дене тарбия мугалими;
|
Жолчубеков Каныбек Байбекович
| - олимпиадалык резервдин Ш.Сыдыков атындагы Республикалык окуу жайынын окуучусу, Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча Улуттук курама командасынын мүчөсү;
|
Кенжеев Жанарбек Салимбаевич
| - Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча Улуттук курама командасынын мүчөсү;
|
Пароль Александр Сергеевич
| - Кыргыз Республикасынын байдарка жана канойдо жарышуу боюнча Улуттук курама командасынын мүчөсү;
|
Роганов Олег Александрович
| - Кыргыз Республикасынын байдарка жана канойдо жарышуу боюнча Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;
|
Филипповский Виталий Степанович
| - Бишкек шаарынын Октябрь райондук олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу-окутуучусу;
|
Юсупходжиев Сыдыкджан Сабирджанович | - Бишкек шаарындагы олимпиадалык резервдин Р.Санатбаев атындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу-окутуучусу. |
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |