Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 29-августу №216
Республиканын ар кайсы тармактарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Улуттар аралык ынтымакты чыңдоого, республиканын социалдык-экономикалык, маданий жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгынын урматына:
«Даңк» медалы менен сыйлансын:
Айдарбеков Эдил | - Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү;
|
Акматов Жеңишбек Аманбекович | - Кыргыз Республикасынын Шайлоо референдум жана өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
|
Жайчибеков Бекбосун Карабекович
| - «Кутаалам» басмасынын башкы сүрөтчүсү; Иптаров Сабыр - «Руханият» рухту кайра жаратууга көмөк көрсөтүү эл аралык ассоциациясынын вице-президенти;
|
Карасаева Айша | - эмгек ардагери;
|
Конушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович
| - «Байтур» корпорациясынын президенти
|
Матаев Жусуп | - сүрөтчү;
|
Орокчиев Тенти | - журналист, эмгек ардагери;
|
Өскөнбаев Мелис Ражапович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо департаментинин жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча Каракол-Аксуу аймактык башкармасынын начальниги;
|
Поляков Семен Яковлевич | - «Гармония» орустардын маданий борбору» коомдук бирикмесинин вице-президенти;
|
Садыр уулу Жумагазы | - «Арыш» коомдук бирикмесинин директору;
|
Слензак-Бегалиева Зенона | - поляктардын «Одродзение» маданий-агартуу бирикмесинин төрайымы;
|
Сыдыков Маматбек | - сүрөтчү;
|
Халилов Кияс Исмаилович | - «Лина» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
|
Хамидуллина Рабига Абдрахмановна | - согуш жана эмгек ардагерлеринин Баткен облустук кеңешинин бухгалтери;
|
Чороев Тынчтыкбек Кадырмамбетович
| - журналист;
|
Шоддер Ханс Фридрих | - Бириккен Улуттар Уюмунун качкындардын иштери боюнча Жогорку комиссарынын Башкармасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү;
|
Шүкүров Эмиль Жапарович | - Кыргызстандын «Алейне» экологиялык кыймылынын төрагасы;
|
Ысманова Кеңешкан | - Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун жетектөөчү менеджери. |
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |