Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 29-августу 217
Республиканын ар кандай тармактарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Мамлекетти жана демократиялык коомду, эл биримдигин коргоого жана чындоого, республиканын экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын арттырууга кошкон зор салымы, жарандык жигердүү позициясы үчүн, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгынын урматына сыйлансын:
I даражадагы «Манас» ордени менен:
Муралиев Амангельды Мурсадыкович
| - «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы;
|
Орузбаева Бюбийна Өмүрзаковна
| - академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун башкы илимий кызматкери;
|
Тургуналиев Топчубек | - эмгек ардагери; |
II даражадагы «Манас» ордени менен:
Васильев Лев Алексеевич
| - «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун филиалы Бишкек шаарынын жылуулук электростанциясынын директорунун кеңешчиси;
|
Эркебаев Абдыганы Эркебаевич | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги; |
III даражадагы «Манас» ордени менен:
Акматалиев Абдылдажан Амантурович
| - академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору;
|
Дүйшеев Орозбек Дүйшеевич
| - эмгек ардагери;
|
Карабекова Жамангыз
| - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун онкогинекология бөлүмүнүн врач-онкологу. |
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |