Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 29-августу ПЖ № 218
Б.Ч.Ашировду, В.С.Власовду жана башкаларды «Данакер» ордени менен сыйлоо жөнүндө
Элдердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, илим, билим берүү жана маданиятты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгынын урматына:
«Данакер» ордени менен сыйлансын:
Аширов Бөрүбек Чыйбылович | - Кыргыз Республикасынын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси;
|
Власов Валентин Степанович | - Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
|
Иманалиева Лидия Адамкалыевна | - Кыргыз Республикасынын Австрия Республика- сындагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси;
|
Лан Ин | - Кытай Эл Республикасынын коомдук илимдер Академиясынын илимпоздор Кеңешинин, илимий консультациялык кеңешинин ардактуу мүчөсү;
|
Огата Садако | - Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин президенти;
|
Пьер Морель | - Европа союзунун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү;
|
Сейит кызы Дүйшөкан | - Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автономиялык облусунун ыр жана бий ансамблинин ырчысы;
|
Үмөталиев Эмил Сатарович | - «Kyrgyz Соnсерt» компаниясынын президенти;
|
Шелике Карла-Мария | - «Үмүт-Надежда» балдарды реабилитациялоо борборунун директору. |
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |