Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 29-августу ПЖ № 219
Республиканын ар кайсы тармактарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгынын урматына:
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти» деген ардактуу наам берилсин:
Акматбеков Руслан Жумакуловичке
| - «РСК Банк» ачык акционердик коомунун башкы директору;
|
Жамынчиев Султанбек Өмүровичке | - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору; |
«Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам берилсин:
Богдецкнй Валентин Николаевичке
| - Кыргыз тоо-кен ассоциациясынын башкармасынын мүчөсү;
|
Ибраев Маркилге
| - эмгек ардагери;
|
Наскеев Куралбек Молдокматовичке | - «Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары; |
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам берилсин:
Дадиев Жайылбекке
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы;
|
Жумадилов Токтогул Мадиевичке
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин эксперти;
|
Жунушалиев Туратбек Шаршенкуловичке
| - Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;
|
Жаңылышов Маметшерипке
| - Нарын облусунун Ак-Талаа райондук эмгек ардагерлер кеңешинин төрагасы;
|
Жусубалиев Ильясга
| - согуш, эмгек, куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин Ош шаардык кеңешинин төрагасы;
|
Касмалиев Ажыбек Кадыркуловичке
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
|
Кожоев Бектемирге
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргы Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн эксперти;
|
Черноморец Виктор Викторовичке | - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
|
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам берилсин:
Итибаев Токтоматка
| - эмгек ардагери, Жалал-Абад облусунун Аксы району;
|
Фаттахов Бахтияржан Азизовичке | - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин директору; |
«Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам берилсин:
Курманалиев Муратка
| - «Балыкчы жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;
|
Матаев Эсенбек Кеңешбаевичке
| - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Бишкек-Нарын-Торугарт» автомобиль жол башкармасынын № 39 жол-эксплуатациялоо ишканасынын начальниги; |
«Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам берилсин:
Абдраев Тайырбек Абдыжапаровичке | - «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун электр байланыш кызматын көрсөтүү цехинин начальниги; |
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу» деген ардактуу наам берилсин:
Иманалиев Бейшенбек Султановичке
| - «Имарат Строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
|
Нарбаев Каныбек Жайчиевичке | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору; |
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наам берилсин:
Бейшекеев Сыймыкбек Токтогуловичке
| - «Сыймык» оюн-зоок борборунун солисти;
|
Темиров Кудайбергенге
| - Ош облусунун Ноокат райондук маданият үйүнүн көркөм жетекчиси;
|
Тентимышов Болот Аскарбековичке
| - Ч.Айтматов атындагы орус мамлекетти улуттук драма театрынын артисти;
|
Чалабаев Эгемберди Важаповичке | - режиссер-коюучу, «Тунгуч» музыкалык драма театрынын артисти; |
«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам берилсин:
Артыков Кадыралы Жусуповичке
| - обончу-композитор;
|
Бектурганова Күлбүбү Арыковнага
| - жазуучу;
|
Боромбаев Рыскул Мамбеткуловичке
| - Кыргыз Республикасынын улуттук маданият борборунун башкы директору;
|
Керимбаев Качкынбайга
| - Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук «Шамшыкал» газетасынын жооптуу катчысы;
|
Мусабай Гүлнара Бектуровнага
| - сүрөтчү;
|
Райская Елена Анатольевнага
| - «Кыргыз Республикасынын «Берегиня» украиндер коому» коомдук бирикмесинин маданият боюнча комитетинин төрайымы;
|
Рысбаев Сулайман Казыбаевичке
| - Кыргыз билим берүү академиясынын мамлекеттик тил жана лингводидактика лабораториясынын башчысы;
|
Сарымсакова Анаржан Жакыпбековнага
| - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн фольклордун ийриминин жетекчиси;
|
Ташкузиев Тургунбайга
| - сүрөтчү, Ош шаары;
|
Шабданов Саадабайга
| - Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын «Санат Ордо» этно-фольклордук тобунун артисти;
|
Шер-Нияз Садыкка | - Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы; |
«Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам берилсин:
Купуев Пирматка
| - Ош мамлекеттик университетинин «Финансы жана кредит» кафедрасынын профессору;
|
Мусаев Сыртбай Жолдошовичке
| - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин лингвистика институтунун директору;
|
Раимжанов Абдухалимге
| - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборунун директору;
|
Собуров Канчырбек Алгасиевичке | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тоо физиологиясы институтунун эксперименталдык жана колдонмо физиология лабораториясынын башчысы; |
«Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам берилсин:
Бапанова Жаркын Базановнага
| - Республикалык «Алтын түйүн» балдардын инженер-техникалык академиясынын директору;
|
Жусупова Бактыгүл Мусаевнага
| - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы № 43 кесиптик лицейинин директору;
|
Омукеева Жумакан Алинуровнага
| - Ош шаарындагы Кыргыз-кытай гуманитардык-экономикалык институтунун ректору;
|
Сапаралиев Дөөлөтбек Бекишовичке
| - Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин деканынын орун басары;
|
Темикеев Конушбекке | - Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Курулуш, экономика жана менеджмент институтунун директору
|
Чоров Маматкан Жетимишевичке | - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия факультетинин деканы; |
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наам берилсин:
Абдрахманова Гүлсара Абдрашитовнага
| - Баткен облусунун Баткен шаарындагы жатак-мектеп гимназиянын кыргыз тил жана адабият мугалими;
|
Абдуллаев Нурмаматка
| - Ош облусунун Өзгөн районундагы Ы.Бектемиров атындагы № 2 орто мектептин орус тил жана адабият мугалими;
|
Абдыкадырова Тажиканга
| - Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ш.Жээнбеков атындагы жатак-мектеп лицейдин математика жана психология мугалими;
|
Абдыкалыкова Ырысбүгө
| - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы орто мектептин кыргыз тил жана адабият мугалими;
|
Абдыкеримова Динара Мусалыевнага
| - Кыргыз Республикасынын Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясына караштуу көркөм сүрөт жатак-мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары;
|
Молдогазиев Дөөлөтбакка
| - эмгек ардагери, Ысык-Көл облусунун Түп району;
|
Певченко Валентина Петровнага
| - Бишкек шаарындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейдин математика мугалими;
|
Раваева Нина Константиновнага | - Чүй облусунун Сокулук районундагы Нижне-Чүй атайын башталгыч жатак-мектептин мугалими;
|
Токтомусаева Дуняханга | - Ош шаарындагы С.Алымкулов атындагы № 33 орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими; |
«Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам берилсин:
Аматов Сеитбек Юсуповичке
| - Ош айыл чарба институтунун ректору;
|
Бейшекеева Зайнага
| - «Бейшеке» дыйкан чарбасынын жетекчиси, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району;
|
Карыбеков Нарынбекке
| - Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын агроөнөр жайын өнүктүрүү жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
|
Сарпашев Тазабек Дүйшекеевичке | - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; |
«Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам берилсин:
Кербенбаев Тайырга | - Ысык-Көл облустук кесиптик бирликтер кеңешинин төрагасы; |
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам берилсин:
Арстанбеков Маматжанга
| - Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин стоматология кафедрасынын башчысы;
|
Балтабаева Чынар Сапаркуловнага
| - Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо департаментинин студенттер поликлиникасынын башкы врачы;
|
Китарова Гүлжан Сапаровнага
| - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты мисактоо нистрлигине караштуу Республикалык саламаттыкты сактоону жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүү борборунун директору;
|
Маматеминов Гуламидинге
| - Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы стоматологиялык поликлиниканын башкы врачы;
|
Молдалиева Роза Болжуровнага
| - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун онкогинекология бөлүмүнүн башчысы;
|
Сарногоев Эсенбай Кондубаевичке
| - Талас облустук бириккен ооруканасынын директорунун уюштуруу-усулдук маселелер боюнча орун басары;
|
Тентимишов Кенжекарыга
| - Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы врачы;
|
Эргешов Кадырбекке
| - Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору;
|
Эсенбаев Эмилбек Имашевичке | - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталынын № 1 нейротравмалар бөлүмүнүн врач-нейрохирургу. |
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |