КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 16 сентябры ПЖ № 243
В.М.Самойловага ырайым кылуу жөнүндө
Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн карап чыгып, түзөтүү мекемесинин администрациясынын, байкоочу комиссиянын пикирин, курагын жана башка жагдайларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАМ:
2008-жылы 23-июлда Токмок шаардык сотунун өкүмү менен соттолгон, 1939-жылы 28-февралда туулган Самойлова Валентина Михайловнага ырайым кылынып, жазаны андан ары өтөөдөн бошотулсун.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |