Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ №237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 19-октябры ПЖ № 259
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишмердигин оптималдаштыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:
"Саясый мамлекеттик кызмат орундары" бөлүмүнүн "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты" деген бөлүгүндөгү II топтун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмүндө:
"КР Президентинин КР Өкмөтүндөгү туруктуу өкүлү" позициясы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |