Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 31-октябры ПЖ № 271
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын Бишкектеги А.Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумун Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө
Билим берүү системасын өнүктүрүүгө, республиканын ар кандай тармактары үчүн жогору квалификациялуу финансы-экономикалык кадрларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын Бишкектеги А.Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникуму Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |